SerepTV Logo

«Бир жарандан бир көчөт". Айыл чарба министрлиги жашылдандыруу иштерине чакырат

«Бир жарандан бир көчөт". Айыл чарба министрлиги жашылдандыруу иштерине чакырат
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги «Бир жарандан бир көчөт» чакырыгы менен жарандарды жер-жерлерде аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жигердүү катышууга үндөйт. «Ата-бабаларыбыз байыртадан жаратылыш менен тыгыз байланышып, барктап, сыйлап жашоо турмушун улантып келишкен. Кыргыздардын улуу муундары, жаштарга жаратылыш аркылуу кайрымдуулукка, боорукерликке, ыймандуулукка өз чөйрөсүндөгү көркөмдүктү сезе билүүгө жана эмгекке тарбиялого үйрөтүп, табиятка аяр мамиле жасоону айтып келген. “Элүү жылда эл, жүз жылда жер жаңы” дегендей, акыркы убактарда дүйнө жүзүндө глобалдык климаттык өзгөрүүлөр болуп, жаратылыш кырсыктарынан экология жабыркап жатат. Мындай учурлар Кыргызстанда дагы кездешүүдө. Министрлик айлана-чөйрөнү жашылдандыруу менен экологияны коргоо максатында бардык кыргызстандыктарды “Бир жарандан бир көчөт” аттуу чакырык менен жер-жерлерде аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жигердүү катышууга үндөйт», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
edita