SerepTV Logo

Биометрикалык маалымат топтоо үчүн микроавтобустар иштеп жатат

Биометрикалык маалымат топтоо үчүн микроавтобустар иштеп жатат
Бишкек, Ош жана Токмоктун шаардык кеңештерин шайлоо өнөктүгүнүн алдында жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо кампаниясы кайра жанданды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка караганда, 17-июндан 21-июнга чейин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында атайын микроавтобустар кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын кайрадан кабыл ала башташат. Ошол эле жерде жарандар жашаган жери боюнча каттоого турса жана паспортту алмаштырса болот. Учурда шайлоочулардын тизмесине 3 606 201 шайлоочу  киргизилген. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин кеңейтүү жана жаңылоо боюнча тынымсыз иш жүргүзүүдө.