Билим берүү министрлиги: "Мугалимдердин саны кыскарат деген маалымат чындыкка дал келбейт"
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова сабактардын саны азайып, ошону менен катар мугалимдердин саны кыскарат деген маалыматты четке какты.
«Жакында эле социалдык тармактарда предметтин саны, мугалимдердин жумалык жүктөмү жана мугалимдердин саны азаят деген маалыматтар тарады. Мунун бардыгы чындыкка дал келбейт», - деди ал.
Жусупбекова билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган ар кандай чечимдер алгач мугалимдер менен талкууланып, андан кийин гана кабыл алына тургандыгын белгиледи.
[video width="1016" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/mugalimderdin_jumalyk_saat_jyktomdory_kyskarat_degen_maalymat_chyndykka.mp4"][/video]