Келишимдик негизде окуган студенттердин окуу акысын төмөндөтүү ишке ашпай калды
Студенттер жана алардын ата-энелери "Окутуу онлайн ыкмасында өтүп жаткандыгына байланыштуу, келишимдик негизде окугандар үчүн окутуунун акысы төмөндөйбү?" деп депутаттарга кайрылышкан. Буга байланыштуу кечээ Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланды. Анда негизинен келишимдик негизде окуган студенттерге окуу акысы үчүн төлөмдү өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген учурларда кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жагы каралмак.
“Билим берүү жана илим министрлиги окутуу акысын арзандатуу укугун колго алса, жакшы болмок. Кандай болгон күндө да сунушталып жаткан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алып берсек, бир топ эле жеңилдик болмок”, - деди эл өкүлү Даcтан Бекешев.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жогорку окуу жайлардын ишмердигине министрликтин кийлигише албасын түшүндүрдү. “Ошентсе да ЖОЖдор менен байланышып, айрым үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен келишим акыларын кээ бир жагдайларды эске алып кайра карап чыгууну сунуштадык”, - дейт министрдин орун басары.
Мыйзам долбоору боюнча тиешелүү корутунду кабыл алынган жок. Кошумча анализдей турган жагдайлар жаралып, маселе күн тартибинен алынып салынды.