"Билет баасы 4100 сомдон башталат". Эми Оштон Караколго учсаңыз болот
"Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясы Ош-Каракол-Ош багыты боюнча биринчи каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун жетекчиси Манас Самидинов жазды.
"Эми Ош менен Каракол шаарларынын ортосундагы каттам болгону 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Каттамдар жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Билеттин баасы 4100 сомдон башталат жана аны "Asman Airlines" мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот", - деп жазды ал.