Бийлик жылуулук менен ысык суунун тарифин көтөрүүнү сунуштап жатат
Жылуулук менен ысык суунун тарифин 25 пайызга чейин кымбаттатуу сунушталууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти. Аталган ведомство министрлер кабинетинин "2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясынын орточо тарифин бекитүү" жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Документте сунушталган калк үчүн тарифтер төмөнкүчө:
- Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1418 сом 45 тыйын (азыркы баасы 1134 сом 76 тыйын);
- Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1227 сом 20 тыйын (азыркы баасы 981 сом 76 тыйын).
- Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1801 сом 89 тыйын (азыркы баасы 1695 сом 10 тыйын);
- Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1801 сом 89 тыйын (азыркы баасы 1695 сом 10 тыйын).