SerepTV Logo

Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 8-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 8-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 8-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27; Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26; Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29; Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22; Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +24…+27 градус болот.