Белгилүү дин аалымы Кадыр Маликовдун атасы көз жумду
Диний ишмер, мурдагы муфтийдин орун басары Кадыр Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиев көз жумду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле мекеме Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Кадыр Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтканын да кошумчалады.