Бекешев: "Акчалуу коррупционерлер менчик клиникада, акчасы жок 4 баланын энеси камакта жатат"
Башкы прокуратурага 4 баланын энеси, коррупцияга шектелип кармалган Жылдыз Чодобаеваны үй камагына чыгарышы керек. Мындай сунушту бугүн, 4-мартта, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жалпы жыйыны учурунда берди.
Бекешев Башкы прокуратурага жана президенттин өкүлүнө кайрылып, кармалган адамдарга карата теңсиз мамиле жасалып жатканын айтты.
"Бир ай мурун УКМК төрт баланын энесин "коррупционер" деп кармаган. Кечээ мага Жылдыз Чодобаеванын апасы келди. Алардын күрөөгө койгонго акчасы жок экен, үй-бүлө жөнөкөй, жөнөкөй үйдө жашашат экен. Күйөөсү айдоочу экен. Чодобаева азыр түрмөдө жатат. Менимче, аны өлкөдөн чыкпоо тил каты менен же үй камагына чыгарса туура болмок. Биз кандай заманга келдик? Мен коррупция боюнча саясатты түшүнбөй калдым. Акчасы бар кишилер күрөө төлөп коюп, үйлөрүнө чыгып кетип жатат, кээси жеке менчик клиникаларда жатышат. Биздин кесиптештер бийликке каршы митинг уюштуруп, ошол жерде жүрүшөт. Киши өзү "мен коррупционермин" деп айтып жатса, булар (депутаттар -ред.) бийликке каршы чыгып атышат. Бийлик менен мамилеси жакшы, ошол эле кезде коррупионерди коргоп, элге башка маалымат берип атышат. Бул туура эмес. Жылдыз Чодобаеваны актоо-актабоону албетте, сот чечет. Бирок коррупционерлерди үйүнө жиберип аткан сот төрт баланын энесин дагы үй камагына чыгарышы керек", - деди ал.
Эскерте кетсек, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн катчысы Жылдыз Чодобаева быйыл 8-февралда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Аны жер сатуу ишинде документти туура эмес толтурган деп айыптап жатышат. Учурда 4 баланын энеси УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат.