SerepTV Logo

Бейшеналиев: "Кыргызстанда карантин киргизе албайбыз"

Бейшеналиев: "Кыргызстанда карантин киргизе албайбыз"
«Биз Кыргызстанга карантин киргизе албайбыз», - деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» түз эфиринде. Анын айтымында, өткөн жылы карантин киргизилген, анын кесепетинен өлкөнүн экономикасы катуу жабыркаган. «Эгер карантин киргизсек, анда каатчылык болот, айлык акы, жөлөк пул, пенсияны төлөй албай калабыз. Тескерисинче, Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылды. Ал жакта биздин медиктер күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Өзүңүздөр көргөндөй ал жакта оорулуулар анча көп эмес», - деди ал. Саламаттыкты сактоо министри бардык аймактарда 100-150 орун даярдалганын белгиледи.
Unknown Author