SerepTV Logo

Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаары түзүлөт

Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаары түзүлөт
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам 2021-жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. “Бул мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда”, - деп айтылат маалыматта. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
edita