SerepTV Logo

Селден улам Базар-Коргон айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Селден улам Базар-Коргон айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айыл өкмөтүнө катуу жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чечим кечээ, 6-майда айыл өкмөт башчысы тарабынан чыгарылган. Жалал-Абад шаарынын аймагында 7-майга караган түнү катуу жаап өткөн жамгырдан кийин Сел-Арык сел каналынын кээ бир жерлеринен суу ашып кеткен. Жыйынтыгында шаар аймагындагы бир катар мекеме-ишканалардын жана жеке турак үйлөрдүн короолорун жана жер төлөлөрүн суу каптаган.