SerepTV Logo

«Баткенге көмөк» штабы Баткен облусуна 65 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жөнөттү

«Баткенге көмөк» штабы Баткен облусуна 65 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жөнөттү
«Баткенге көмөк» республикалык штабы Баткен облусуна 65 тоннадан ашуун гуманитардык жардам:  кир жуугуч каражаттарын, жеке гигиена каражаттарын, азык-түлүк, кийим-кече, төшөнчү-жууркан жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Саат 14:30да облуска 20 тонналык жүк салынган 1 унаа жөнөтүлдү; Саат 00:00дө облуска жалпы көлөмү 45 тонналык 2 унаа жөнөп кетти. Жүк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда фура менен жеткирилет. Штаб өкмөт тарабынан түзүлүп, күнү-түнү жана дем алышсыз иш алып барууда. Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүүнү каалагандар 1227 телефонуна, же төмөнкү дарекке кайрыла алат: Бишкек шаары, Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы.