SerepTV Logo

Баткенге көмөк деп 300 тоннадай гуманитардык жардам топтолду

Баткенге көмөк деп 300 тоннадай гуманитардык жардам топтолду
Премьер-министр Улукбек Марипов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы кампасына барды, анда өлкөнүн булуң-бурчунан келип жаткан гуманитардык жардамдар топтолууда. «Бардык гуманитардык жардам өз багыты боюнча муктаж жарандарга жеткирилиши тийиш. Кармалуулар болбошу керек. Элибиз дагы бир ирет ынтымагын жана биримдигин көрсөттү, жардам ар тараптан келүүдө», - деди Улукбек Марипов. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө кампага 279,881 тонна гуманитардык жардам келип түштү. Булар – азык-түлүк, жеке гигиена каражаттары, кийим-кече, жууркан-төшөктөр. 256,881 тонна гуманитардык жардам жабыркаган жарандарга жеткирилди. Калган 30 тоннасы кампада сакталууда жана зарыл болгон учурда жеткирилип, бөлүштүрүлүп берилет. Жогорудагы ишке чейин премьер-министр Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында жайгашкан «Баткенге көмөк» штабынын иши менен таанышкан.