SerepTV Logo

Кадамжай районунда 16 жаштагы Мундуз Аллаяр кызы он күндөн бери дайынсыз болууда

Кадамжай районунда 16 жаштагы Мундуз Аллаяр кызы он күндөн бери дайынсыз болууда
Баткендин Кадамжай районунда 16 жаштагы Мундуз Аллаяр кызы изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, кыз 12-июнь күнү саат 09:00дөр чамасында Ормош айылындагы үйүнөн Айдаркен шаарындагы борбордук базарга барып келем деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул факты каттоого алынып, издөө иштери жүрүп жатат. Белгилери: бою 155-160 сантиметр, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү орто. Милиция жоголгон кызды көрүп-билгендерди (03655) 5-02-29 жана 0704 27-64-16 номерине чалып коюуну өтүнөт.
Unknown Author