Баткендин Ак-Сайындагы суу талаш боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлү жооп берди
Баткендин Ак-Сай жергесинде суунун айынан чек арачылар асманга ок чыгарышты деген маалымат боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлү СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жооп берди. Анын берген маалыматына ылайык, 14-июнда Ак-Сай жергесиндеги жайлоодо малчылар менен аскер кызматкерлердин ортосунда тушүнбөстүк жаралган. Анда булактан аккан сууну малчылар менен аскерлер талаша кетишкен. Жыйынтыгында асманга ок чыгарылган. “Ал боюнча эки тарапка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуя толугу менен жабылган”, - деди ал.
Буга чейин аталган аймакта сугат суунун жоктугунан жергиликтүү тургундар ачууланышып, суу Тажикстанга кетип жатат дешип нааразычылык билдиришкени айтылган. Буга байланыштуу ал жерде чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушканы маалымдалган болчу.