SerepTV Logo

Баткендиктерге 47 миллион сомдон ашык жардам чогулду

Баткендиктерге 47 миллион сомдон ашык жардам чогулду
Тажикстан тараптын аскердик агрессиясынын кесепетинен жабыркаган баткендиктерге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсептерге жалпы 47 миллион сомдон ашык акча түштү. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын баракчасында жарыяланган, анда акча түшүүлөр тууралуу маалыматты онлайн байкоого болору белгиленген. Ошентип, ушул маалыматтарга ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты тарабынан ачылган эсепке 42 миллион 296 миң 789 сом, ал эми ӨКМнын эсебине 1 миллион 385 миң 927 сом жана Бишкек шаардык мэриясынын эсебине 3 миллион 789 миң 64 сом түштү.
Unknown Author