SerepTV Logo

Баткендик 73 жаштагы ата жөө 20 күндө Бишкекке жетти

Баткендик 73 жаштагы ата жөө 20 күндө Бишкекке жетти

73 жаштагы баткендик ата жөө Бишкекке жетти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Баткен районунун 73 жаштагы тургуну Абдыбакир Имаров Баткен шаарынан Бишкек шаарына жөө жүрүш жасады. Ал 14-ноябрь күнү Баткенден жөнөп, 25 жылдыкка карата 25 күндө борборго жетүүнү максат кылган. Бирок 5-декабрда, 20 күндө Бишкекке жетти.

"Имаров аба ырайынын суугуна, жаш өзгөчөлүгүнө карабай, 1000 чакырымга жөө чыккан жүрүшүнүн максаты, кыргыз элинин баатырдыгын даңазалоо, жарандарды сергек жана бакубат жашоого үндөө", - деп айтылат маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="262628,262629,262630,262631,262632"]