SerepTV Logo

Баткенден Тажикстанга аткезчилик жол менен бука өткөргөндөр кармалды

Баткенден Тажикстанга аткезчилик жол менен бука өткөргөндөр кармалды
Баткенде аткезчиликке бөгөт коюлду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 1-июль күнү саат 21:30 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы Курук-Сай тилкесинде жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери өз ыкчам аракеттери менен чек араны мыйзамсыз бузуу аракетин токтотушту. Милиция кызматкерлери 2022-аскер бөлүгүнүн Кара-Бак чек ара заставасы менен тыгыз кызматташууда болуп, Тажикстан Республикасына мыйзамсыз жол менен өткөрүлүүгө аракет көрүлгөн 8 баш бука кармалды. Кармалган мал-жандыктар учурда Баткен РИИБдин короосуна жеткирилип, тиешелүү материалдар чогултулуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="289035,289036,289037,289038,289039,289040,289041,289042"]
edita