Баткендеги талкаланган айылда, күйүп кеткен унаалардын фонунда сүрөткө түшкөн интернет колдонуучулары сынга кабылды
“Мекенчил” патиясынын жаштар канатынын мүчөсү, блогер Талант Сагынбаев социалдык тармактагы баракчасына Баткендеги куралчан аскерлер менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, элдин сынына кабылды. Интернет колдонуучулары ага карата “Пиар менен алектенүүдө” деген сындуу пикирлерди жазышкан.
Ал эми блогер бул боюнча социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй жооп берген.
“Адамдар эмне болуп баратат, түшүнбөй калдым. Элге жардам берели деп Баткенде согуш башталган күнү келгенбиз, төрт күндөн бери элге жардам берип жүрөбүз.
Ал эми сүрөттү аскерлерди мактап, дем берейин деп чыгарган элем. Тескери жакка пайдаланып, чукудуңар, азаматсыңар. Айрымдар “тажиктер менен жүрөт, кыргыздын душманы кыргыз” деп жазып жатышат. Уялсаңар боло, жанымдагы балдардын баары кыргыздын патриот жигиттери”, - деп жазган ал.
Аны менен катары Баткендеги талкаланган айылда, күйүп кеткен унаалардын жанында сүрөткө түшкөн дагы бир интернет колдонуучунун сүрөтү тарап, “Айрымдары жардам үчүн чуркап жүрсө, кээ бирөөлөр фотосессия кылып жүрөт” деген сынга кабылды.