Баткендеги талааларды каптаган чегирткелерге каршы дары чачылып жатат
Баткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
20-майга карата Баткен облусу боюнча жалпы 16050 га аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, 12 750 га аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталды, анын ичинен 5 миң гектар аянтта химиялык иш-чаралар аткарылды.
Баткен химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкармалыгы, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте, зыянкечтерге каршы дарылоо иштерин активдүү жүргүзүүдө. Химиялык иш-чараларга 3 техника тартылган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="285760,285761,285762,285763"]