Баткендеги чек ара маселесинен жабыркаган үй-бүлөнүн балдарына белектер берилди
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Баткен районунун Көк-Терек жана Таш-Тумшук айылдарындагы балдарды бүгүнкү майрам менен куттуктап барды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин куттуктоосун жана белектерин жеткирип, балдарга саламаттык, кең келечек каалады. Жалпы 21 үй-бүлөгө окуу китептери менен таттуулар, оюнчуктар салынган баштыктар тапшырылды. Баткен районун акими ар бир үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү.