Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 183 адамга жетти
3-майга карата Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 183 адамга жетти. 34 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн медициналык мекемелеринде 99 адам дарыланууну улантып жатат. "Алардын ичинен 1 оор абалда, 2 адам орто оор абалда. Калгандары медкызматкерлердин көзөмөлүндө", - деди ал. Мындан тышкары ал, учурда дары-дармектер жетиштүү экенин айтты.