SerepTV Logo

Баткенде тажик тарап кармап кеткен 5 жаранды кой берүүнү талап кылган митинг өтүп жатат

Баткенде тажик тарап кармап кеткен  5 жаранды кой берүүнү талап кылган митинг өтүп жатат
Бүгүн, 22-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында жергиликтүүлөр митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, митингчилер ар кандай себептер менен Тажикстанда камакта жаткан жердештерин боштондукка чыгарып берүүлөрүн бийликтен талап кылып, облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев менен жолугушууну күтүп жатышыт. Ошондой эле чек арадан мыйзамсыз иштерди кылды деген себеп менен жыл башынан бери тажик тарап 20дан ашуун адамды камакка алганын жергиликтүү тургундар айтышууда. Белгилей кетсек, кечээ 21-февралда Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети беш кыргызстандын жаранын кармап кетткенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан. Анда беш кыргызстандык Тажикстанга мал базарына кеткени айтылып, кайтып келишкенден кийин, алар миграциялык мыйзамдарды бузган деген шек менен кармалганы айтылган.
Unknown Author