SerepTV Logo

Баткенде маршрутка менен үйүнө кеткен Айчүрөк дайынсыз болуп жатат

Баткенде маршрутка менен үйүнө кеткен Айчүрөк дайынсыз болуп жатат

Баткенде Эрмек кызы Айчүрөк дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-август күнү саат 15:10 чамасында 2-топтогу майыптыгы бар Эрмек кызы Айчүрөк Кызыл-Кыя шаарынан Айтамга айылына каттаган коомдук маршруткага олтуруп, үйүнө барбай ошол күндөн тартып дайынсыз болуп жатат.

Белгилери: Бою 150-153 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы, кашы-көзү кара түстө.

Кийимдери: кызыл түстөгү узун көйнөк, ак жолук, ак түстөгү жеңил бул кийим.

Жогорку маалыматтын негизинде издөөдө жүргөн Эрмек кызы Айчүрөк боюнча кандайдыр бир маалымат болсо (03657) 5-04-20, 102, 0557-77-96-77, 0553 27-24-24 номурларына чалсаңар болот.