SerepTV Logo

Баткенде "Коопсуздук-2021" машыгуусу башталды

Баткенде "Коопсуздук-2021" машыгуусу башталды
Бүгүн, 1-апрелде "Коопсуздук-2021" биргелешкен команда-штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Машыгуу үч күнгө созулат. Ага артиллериялык тутумдар жана авиация, аскер, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерин камтыган 2 миңден ашуун адам жана 100 техника тартылган. 

Машыгууларга байланыштуу 3-апрелге чейин Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилди. Коомдук тартип ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан күнү-түнү камсыздалат.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="32793,32796,32797,32798,32799"]
edita