SerepTV Logo

Баткенде токтотулган фуралар боюнча милиция түшүндүрмө берди

Баткенде токтотулган фуралар боюнча милиция түшүндүрмө берди
Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы облустун аймагында токтотулган Тажикстандын үч фурасы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Баткендин кире беришинде турган оор жүк ташыган автоунаалар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу 7-майдан бери милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турат. "Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бул кармалган фуралар Кыргыз жарандарынын тажик аймагында кармалган фураларына алмаштырылат", - деп айтылат маалыматта. Алар 11-майда Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын автоунаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Орто жолдо жергиликтүү тургундар менен түшүнбөстүктөр чыккан.