SerepTV Logo

Баткенде Тажик аскер кызматкерлери тарабынан кармалган 3 Кыргыз жаранынын абалы туруктуу

Баткенде Тажик аскер кызматкерлери тарабынан кармалган 3 Кыргыз жаранынын абалы туруктуу
Чек арада кармалып, кийин коё берилген 3 Кыргыз жаранынын абалы тууралуу билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Баткен шаарындагы облустук биргелешкен ооруканасынын жетекчиси Азиз Жунусов менен байланышты. "Бизге келип түшкөн учурда ур-токмокко алынып, баш мээси чайкалып калган экен. Жаш курагы 20дан 40 жашка чейинки жарандар. Учурда алардын абалы туруктуу, дарыланып жатышат", - деди дарыгер. Кечээ, 17-май күнү Ак-Сай айылынын 3 тургуну Кишемиш жайлоосунан 2 Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаалар менен кайтып келе жатканда, Тажикстандын Ворух анклавында тажик жарандары аркылуу кармалган. Андан кийин Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар Хундай Соната жана Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаалары менен 4 тажик жаранын кармап алышкан. Аталган аймакка Баткен ОИИБдин начальниги, Баткен РИИБдин бөлүм башчысы келип чогулган эл менен жолугушкан. Андан соң тийиштүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп эки тарапта кармалып турган жарандарды алмаштырышкан. Тажикстандын жарандары тарабынан кармалган 3 кыргыз жараны Баткен шаарындагы облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилген.
Unknown Author