SerepTV Logo

Баткенде кайрадан сел жүрдү (сүрөт)

Баткенде кайрадан сел жүрдү (сүрөт)

Кечээ, 3-августта саат 17:40 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Лейлек айыл аймагындагы Ак-Терек айылында 11 турак үйдү, 8 турак үйдүн короосун сел каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле, Ак-Суу айылында 2 турак үйдүн короосун, Катраң айылынын Таңгиоозу тилкесинде 4 турак үйдүн короосун, Калтарык тилкесинде 4 турак үйдүн короосун да сел каптаган.

"Мындан сырткары, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымын, Өзгөрүш айылында Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин сел каптаган. Жеринде №13 ЖТИден 1 погрузчик, 2 грейдер, 1 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук комиссия тактоо иштерин жүргүзүшүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Жалпы район боюнча селдин тийгизген кесепети төмөнкүчө:

  • 21 турак үйдүн ичине сел суулары кирген;
  • 14 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген;
  • 213 метр ички жолдор жабыркаган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="67060,67061,67062,67063,67064,67065,67066"]