SerepTV Logo

Баткенде Жаңы жыл шаардык балатысыз белгиленет

Баткенде Жаңы жыл шаардык балатысыз белгиленет

Баткенге шаардык балаты орнотпоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу шаардын мэри Имамназар Бурканов билдирди.

"Жаңы жылдык майрамдар болот. Шаарга балаты орнотпойлу деп чечтик. 2 жылдан бери пандемия жүрүп жатат, бул оорудан арыла баштадык. Ошондуктан балатыны жасалгалоону эмдиги жылкыга калтырдык. Жаңы жылдык балаты үчүн каралган каражат жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына белек сатып алууга жумшалат», - деди мэр.

Анын айтымында, балаты орнотуп, жасалгалоого 100 миң сомго жакын каражат жумшалат. "Бир нече күнгө 100 миң сом коротуу боюнча оюңар кандай?" - деди ал. Ал кошумчалагандай, бул идеяны жергиликтүү кеңештин төрагасы колдогон.