SerepTV Logo

Баткенде жабыркагандардын эсебине 82 миллион сомдон ашуун каражат топтолду

Баткенде жабыркагандардын эсебине 82 миллион сомдон ашуун каражат топтолду
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 82 миллион 604 миң 500 сом каражат топтолду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда, облустук башкармалыктын атайын эсебине Кыргызстандын бардык облустары, район-шаар, айыл аймактар, ири өндүрүш ишканалары, курулуш компаниялары, коомдук уюмдар, чет өлкөлөрдөгү мекендештер колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле өлкө аймагындагы жүздөгөн мекеме ишканалар бир күндүк маяналарын которушса, катардагы жарандар, жеке ишкерлер да жардамын көрсөткөн.
Unknown Author