Баткенде жабыркаган элге 1140 тонна гуманитардык жардам таратылды
Бүгүн, 7-майга карата Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандарга жалпы 1474 тонна гуманитардык жардам келип түшүп, анын 1140 тоннасы муктаждарга таратылды. Учурда облустун кампасында дагы 333 тонна гуманитардык жардам бар.
Гуманитардык жардам көбүнчө азык-түлүк, кийим кече, гигиеналык каражаттар жана акчалай жардам түрүндө көрсөтүлүүдө. Облус аймагына келген гуманитардык жардамды туура жана даректүү бөлүштүрүү боюнча облустук коммисия иштеп жатат.