SerepTV Logo

Баткенде бала бакчанын ачылышы болуп, пайдаланууга берилди

Баткенде бала бакчанын ачылышы болуп, пайдаланууга берилди
Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында “Акжолтой Баткен” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аземге Министрлер кабинетинин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар менен балдар бакчасынын тарбиялануучулары катышты. 140 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы республикалык бюджеттин эсебинен 52 миллион сомго курулган. Баткен шаарында 5 мамлекеттик, 6 менчик балдар бакчасы бар. Анда 1584 бала тарбияланууда. Шаарда дагы 50 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат. Баткен шаарында балдар бакчасына баруучу курактагы балдардын саны 4300дү түзөт.