SerepTV Logo

Баткенде аскердик машыгууга даярдык жүрүүдө

Баткенде аскердик машыгууга даярдык жүрүүдө
Баткенде аскердик машыгууга даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, машыгууга 2 миңге жакын аскер, 100гө чукул автомобиль, брондолгон жана атайын техникалар, 20дай артиллериялык система, 10 авиациялык техника тартылат. Аталган аскердик машыгуу боюнча маалымат Тажикстандын тийиштүү кызматтарына жөнөтүлгөн. "Тажикстандын коргоо министрлиги Баткенде өтө турган машыгуу жөнүндө расмий түрдө билдирүү алганын кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Фаридун Махмадалиев Кыргызстан дипломатиялык каналдары аркылуу бул тууралуу Согди облусу менен Исфара шаарынын жетекчилигине да маалымат жөнөтүп койсо туура болот деп эсептейт", - деп айтылат маалыматта. Учурда Куралдуу күчтөрдүн машыгуусуна башка аймактардан тартылган аскердик техникалар Баткендеги машыгуу талаасына жайгашып жатат. Жыл сайын өтүүчү аскердик машыгуу былтыр пандемияга байланыштуу өтпөй калган эле.
Unknown Author