SerepTV Logo

Баткенде 5 күндөн бери 14 жаштагы Махичехра Арапжанова дайынсыз болууда

Баткенде 5 күндөн бери 14 жаштагы Махичехра Арапжанова дайынсыз болууда

25-июнь күнү саат 07:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 2007-жылы туулган Арапжанова Махичехра Алимжановна өзү жашаган үйүнөн чыгып кетип, кайрылып барган эмес. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Белгилери: бою 150-155 сантиметр, ак жүздүү, кашы, көзү кара түстө, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (03657) 102, 5-04-20; 0773 400-401, 0554 764-494, 0773 111-146.