SerepTV Logo

Баткенде 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү (сүрөт)

Баткенде 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү (сүрөт)

Учурда Баткен облусунун аймагында "Мак-2021" иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иштөө тобун түзүп, иш алып барууда. "Кара куурай өскөн жалпы 4 гектар жер аянты орулуп, жалпысынан 2 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай жок кылынган", - деп айтылат маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="54693,54694,54695,54696"]