SerepTV Logo

Баткен облусунда учурда 213 мектеп салттуу режимде окуп жатат

Баткен облусунда учурда 213 мектеп салттуу режимде окуп жатат
Баткен облусунда учурда 213 мектеп салттуу режимде окуп жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымат таратты. "Эки жумалык мониторинг жүргүзүлгөндөн кийин 1-декабрда жалпы 213 мектеп иштеп баштады. Анда 42 856 бала билим алууда", — деп жазылат маалыматта. Айта кетсек, 10-ноябрдан тарта аталган аймакта 173 билим берүү мекемеси ачылып, балдар мектепке барып окуп башташкан. Андан кийин мониторинг жүргүзүлүп дагы бир тобу салттуу режимге өткөн.
Unknown Author