Баткен облусунда жер титиреди
Кечээ, 28-июлда саат 23:08 чамасында Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын күчү Баткен районунун Бужум айылында жана Баткен шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.