Баткен облусунда жер титиреди
Кечээ, 17-мартта болжол менен саат 08:50 чамасында Баткен облусунда очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын күчү Баткен районунун Самаркандек айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.