Башкы прокурор: "УКМК Айзаданы уурдоо жана өлтүрүү боюнча милиция кызматкерлерине карата ишти тергеп жатат"
Айзада Канатбекованын иши боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлерине кылмыш иш козголгонун башкы прокурор Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди. Ишти УКМК тергеп жатат.
«Милиция кызматкерлери жазаланды, бирок биз алардын күнөөсүн аныкташыбыз керек», - деди ал.
Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен, ал эми 7-апрелде анын жансыз денеси талаадагы унаанын ичинен табылган. Айзаданын туугандары милиция кызматкерлерин шалаакылыкка айыптап жатышат.