SerepTV Logo

Башкы прокурор жаш кезинде административдик жоопкерчиликке тартылганын айтты

Башкы прокурор жаш кезинде административдик жоопкерчиликке тартылганын айтты
Башкы прокурор Максат Асаналиев жаш кезинде административдик жоопкерчиликке тартылганын айтты. Парламенттин 16-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешев “Сиз административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылдыңыз беле?",- деген суроо берди.  «Кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмесмин», - деп жооп берди Асаналиев. "Административдик жоопкерчиликчи?" — деп сурады депутат. «Жаш кезимде айдоочулук күбөлүк жок унаа айдап, айып төлөгөм», - деп жооп берди Башкы прокурор.