Башкы прокуратура тарабынан Индира Жолдубаева да суралып жатабы?
Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып тергеп жаткан жерибиз жок. Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, Абдил Сегизбаевдин үстүнөн алты кылмыш иши тергелип жатат.
“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн беш кылмыш иши тергелип жатат. Алтынчы да иш бар.
Ушул иштердин баарына тергөө баа берет. Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып тергеп жаткан жерибиз жок. «Белизгейт» боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да. Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат.
Күнөөсү болсо эч ким жооп бербей калбашы кажет. Ал эми күнөөсү жок болсо саясий ураан менен жоопко тартпашыбыз керек”,- деген Зулушев.