SerepTV Logo

Башкы прокуратура: "Тажик тараптын аракеттери аскердик агрессия катары каралат"

Башкы прокуратура: "Тажик тараптын аракеттери аскердик агрессия катары каралат"
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Тажикстандын чек арадагы аракетин аскердик агрессия катары баалады. Төмөндө Башкы прокуратуранын билдирүүсү: «1976-жылдагы БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын уставын, 1991-жылдагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү макулдашууну, 1991-жылдагы Алма-Ата декларациясын, 1994-жылдагы КМШга мүчө мамлекеттердин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек араларынын кол тийгистиги жөнүндөгү Москва декларациясын, ошондой эле 1996-жылдагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимдин талаптарын бузуу менен, 29-апрелде таңкы 04:40тан баштап Тажикстандын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү автоматтык куралдарды, миномётторду, аскердик тик учактарды, оор бронетехниканы, артиллерияны жана башка куралдардын түрлөрүн Баткен облусундагы тынч жаткан элге карата колдонуп, Кыргыз Республикасынын чек арасына кара ниеттик менен кол салды. Чабуул коюучу оор куралды колдонуу Кыргызстандын суверендүү аймагын басып алуу максатында аскердик кол салуунун мурдатан пландаштырылгандыгын айгинелейт. Тажикстан тараптан башталган аскердик аракеттерде алардын аскерлери, куралдуу жалданган адамдары жана бандиттик түзүмдөрү катышты. Көрсөтүлгөн куралдуу түзүмдөр Кыргыз Республикасынын тынч жаткан элине максаттуу түрдө кол салды. Ошондуктан кыргыз тараптан Лейлек жана Баткен райондорундагы айрым калктуу конуштардан жарандарды коопсуз аймакка көчүрүү боюнча чаралар көрүлдү. Андан кийин Тажикстандын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү жергиликтүү элдин малын, автотранспорт каражаттарын Тажикстандын аймагына айдап кетип, алардын мүлкүн талап-тоноого өтүшкөн. Алар өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында Кыргыз жарандарынын турак жайларын жана тонолгон социалдык объектилерди массалык түрдө өрттөшкөн. Натыйжада биздин жарандарга жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Миномёттук жана башка артиллериялык куралды колдонуу менен аскердик кол салуунун алгачкы сааттарында Баткен районунун “Головной” тилкесинде турган 24 бейкүнөө жаран каза болду. Кыргыз Республикасынын жерин басып алууга жол бербөө жана тынч жаткан элдин өмүрүн сактоо максатында, Кыргызстандын куралдуу күчтөрү тарабынан сан жагынан артыкчылыкка ээ болгон каршылаштын чабуулун кайтаруу чаралары көрүлгөн. Жогорудагы фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, тажик тараптын аскерлери жана куралдуу түзүмдөрүнүн колунан Кыргыз Республикасынын 36 жараны, анын ичинде 3 аскер кызматкери жана 2 бөбөктүн каза болгондугу аныкталып, 180ден ашык жаран ар кандай жаракаттарды алуу менен, республиканын медициналык мекемелерине жаткырылгандыгы, алардын ичинен көпчүлүгүнүн абалы оор экендиги, 33 миңден ашуун жаран чыр чыккан аймактан көчүрүлгөндүгү такталды. Тажикстан тарабынан жасалган аскердик агрессиянын кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлктөрү күйүп жок болгон. Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш айылдарында көптөгөн автоматтык, ири калибрдеги куралдардын гильзалары, фугастар жана миналар, жарылбаган снаряддар, авиациялык ракеталар алынып, Тажикстандын куралдуу күчтөрү тарабынан казылган траншеялар, тосмолор жана башка тургузулган аскердик курулмалар табылды. Белгилей кетчү жагдай, Тажикстандын аскерлери жана көптөгөн бандиттик түзүмдөрүнүн тынч жаткан элге жана жарандык объектилерге, ошондой эле жаракат алгандарды ташыган Тез жардам автомашиналарына фугастык-жарылуучу бөлүкчөлөрдүн жана ракеталык куралдардын колдонушу Тажикстан тарабынан бир жактуу жана көп тараптуу эл аралык Женева конвенцияларындагы макулдашууларды, гуманитардык нормаларды бузуу менен кара өзгөйлүк максатта жасалган агрессияны күбөлөндүрүп турат. Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери тарабынан коргонуу, жарандарды коргоо, Кыргызстандын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо максатында гана ок атуучу куралдар колдонулган. Кыргыз Республикасынын аскер күчтөрүнүн жана жарандарынын Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салган учурлары болгон эмес. Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 29-апрелде кылмыш иштери козголуп, тергөөдө далил заттары жана видеожазуулар алынып, фото-видео фиксациялар жүргүзүлдү».