Башкы дарыгер: "Төрөлгөнүнө 20 күн болгон бөбөк коронавирус менен түшкөн учур болду"
"Коронавирус менен Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына түшкөн эң жаш бейтап 20 күндүк ымыркай эле". Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, вирус өлкөгө жайылган бир жыл аралыгында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынан 7 миңге жакын бейтап дарыланып чыкты.
«Ошондой эле эң улуу бейтаптын жашы 101де болчу. Эң жашы да, эң улуусу да сакайып чыкты», — деди ал.
Гүлжигит Аалиевдин айтымында, оорукана вирус катталган биринчи күндөн тарта өзгөчө режимде иштеп баштаган.
«Кызматкерлерибиз ооруканада жашашты, биз сырткы дүйнөдөн жабык жашадык десек да болот. Биринчи убактарда кыйынчылык болду, бейтаптарды кантип текшерүүгө алыш керек, эмнесине көбүрөөк көңүл бөлүш керек - эч ким билчү эмес. Азыр болсо, байкоодон өткөрүп, дарылаганды үйрөндүк", -деди башкы дарыгер.