Балыкчыга чейин автобустар уюштурулду (видео)
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги автобекетте Ысык-Көлгө маршрутка, автобус жок болуп жатканын айткан видео тараган.
Видеонун автору маршрутка болсо да баасы кымбат экенин айтат. «Жети-Өгүзгө да, Караколго да маршрутка жок. Такси айдоочулар 2 миң сом деп жатышат», — деген ал.
"Бишкек транспорт" муниципалдык ишканасы Балыкчы шаарына чейин автобустар уюштурулуп жатканын билдирип, видео жарыялашты.