SerepTV Logo

Балыкчыда үч социалдык объект мамлекетке кайтарылды

Балыкчыда үч социалдык объект мамлекетке кайтарылды
Балыкчыда үч социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Балыкчы шаарынын Озерная көчөсүндө жайгашкан №455 даректеги спорт комплексинин ашканасы жана жатаканасы прокуратуранын доо арызынын негизинде сот тарабынан жараксыз деп табылган. Андан сырткары мурдагы “Якорек” бала бакчасынын имараты да сот тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген деп табылды. Тактап айтканда, жалпы орточо базар баасы 11 миллион 962 миң сомду түзгөн бул үч социалдык объект мамлекетке кайтарылган.