SerepTV Logo

Балыкчыда 60 жаңы көчө чырагы жандырылды

Балыкчыда 60 жаңы көчө чырагы жандырылды
Балыкчыда 60 даана жаңы көчө чырагы жандырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 29-октябрда кечки саат 18:45те Балыкчы шаарында жаңы көчө жарыктандыруу системасын ишке киргизүү башталды. Этнопарктан башталып, айланма жолго (круговойго) чейинки аралыкта жалпы 60 даана заманбап, көчө чырактары ишке кирди. Шаар башчысынын айтымында аталган чырактар Балыкчы шаарында боло турчу шамалга туруктуу.
perizat