"Балдарына конокко барабыз деп кетишкен экен". Ат-Башыда каза болгон жубайлардын сөөгү бүгүн жерге берилет
Кечээ, 21-декабрда Ат-Башы районунда жеңил унаадан жубайлардын жансыз денелери табылганы маалым болгон. Артында 5 баласы калды, алардын үчөө кыз, экөө эркек дешти СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айылдашы.
Анын айтымында, бир жума убакыттай мурда үй-бүлөнүн чоң апасы каза болгон. Ал эми жарым жыл мурда чоң атасын жерге беришкен. Балдарынын эң улуусу 9-кластта окуйт, эң кичүүсү болгону 1,5 жашта. "Алар балдарына конокко барабыз деп айтып, чыгып кетишкен экен. Анан эле жансыз денелери гараждагы унаасынан табылды", - деди айылдашы.
Ал эми жергиликтүү ЖМКларга айыл өкмөтү Аскар Мамытов 21-декабрда жай казылып жатканын, маркумдар эртең, 22-декабрда жерге берилерин айткан. Ал мындан тышкары, балдары тууралуу да кеп козгогон. «Балдарын ким карайт десем, туугандары отуруп чечишебиз деген. Биз дагы колубуздан келишинче жардам беребиз. 5 баланы кантип таштап коёбуз? Тууган-уруктары дагы алыста экен. Орусияда байкеси бар экен, күтөбүз», - деди ал.