Балдарын өз атына каттаткан эненин соту экинчи ирет жылдырылды
Балдарынын метрикасындагы "атасынын аты" деген графага өз ысымын жаздырган балдар жазуучусу Алтын Капалованын окуясына байланыштуу сот экинчи ирет башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу Капалова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында бүгүн, 4-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунда анын иши каралмак. Бирок соттун ооруп калганына байланыштуу соттук отурум экинчи жолу башка күнгө жылдырылып жатат.
Бирок Капаловага бүгүнкүдөн кийин соттук отуруму кайра качан каралары айтылган эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин феминист, балдар жазуучусу Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген. Анын мындай кадамын Мамлекеттик каттоо кызматы мыйзамсыз деп таап, Капалованы сотко берген. Энесинин аты менен берилген документтерди жокко чыгарууга байланыштуу соттук териштирүү 25-февралда Свердлов райондук сотунда белгиленген. Бирок анда да судьянын жүйөлүү себептери болгонуна байланыштуу отурум 4-мартка жылдырылган болчу.