"Балдарыбызга 2 жолу чөө тийди". Камчыбек Ташиев алыскы аймактагы окуучуларга кичи автобус белек кылды
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токтогул районунун Кара-Ой жана Крест айылынын тургундарына окуучуларды ташыган кичи автобус белек кылды.
Жергиликтүү тургундар айылга мектеп алыс болуп, балдары кыйналып кеткенин айтып, УКМК төрагасына кайрылганын билдиришти. "Балдарыбызга 2 жолу чөө тийди. Кышында видео кайрылуу жасаганбыз",- деди тургун.